Бишкекте унаа жөө адамды учура сүзгөн видео

Жазылуу
Жол кырсыгы Ахунбаев менен Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишинде 12-январда саат 13:50лөр чамасында болгон.

Бишкекти Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаа жолдон өтүп бараткан кишини коюп кеткен видеосун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналы аркылуу билдирди.

ДТП в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Унаа кырсыгынан кийин эмне кылуу керек? Жол милициясынын кеңеши
Жол кырсыгы Ахунбаев менен Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишинде 12-январда саат 13:50лөр чамасында болгон.

Видеодо кишилер өтө турчу чийинден өтүп жаткан адамды жолтандабас өткөргөнүн, бирок көчөнүн ортосунда келе жаткан Subaru Forester аны коюп кеткенин көрүүгө болот.

Бишкек шаардык милициясы жол кырсыгы болгонун ырастады. Окуянын кесепетинен 29 жаштагы киши жабыркап, ооруканага жеткирилгенин маалымдады.

Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаа айып короого токтотулуп, топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө берилип, тийиштүү экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0