Иштеп, үй-бүлөнү баккан жакшы! Маршрутка айдоочулары видеокайрылуу жасады

901
(жаңыланган 14:50 15.01.2019)
WhatsApp тайпаларында 14-15-январда калаадагы маршрутка айдоочулары митингге чыгууну пландап жатат деген маалымат тарап кеткен.

Facebook баракчасында митинг өткөрөбүз деген кесиптештерине каршы чыккан Бишкектин маршрутка айдоочуларынын видеокайрылуусу жарыяланды.

Кайрылуу жасагандар WhatsApp каналында тарап жаткан "маршрутка айдоочулары митинг өткөрөт" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын баса белгилешкен.

"Айдоочулар, ар кандай митингдерди өткөргөндөн көрө иштейли! Үй-бүлөнү багыш керек, баарыбыздын эле насыябыз бар. Айрымдары ижарага унаа алып иштетип жатат. Митинг кырдаалдан чыгуунун жолу эмес", — дешти айдоочулар.

Мындан сырткары, алар 14-15-январда Бишкектин маршрутка айдоочулары кадимкидей эле ишке чыгаарын айтышкан.

Буга чейин айрым жергиликтүү маалымат булактары Бишкекте маршрутка айдоочулары митинг уюштурууну пландап жатканын жазышкан. Ал боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги Ташуучулар компанияларынын өкүлдөрү менен байланышып маалыматтын чын-төгүнүн тактаган.

901
Белгилер:
маршрутка, айдоочу, Бишкек
Тема боюнча
Мэрия: маршрутка айдоочулары митингге чыкпайт
Бишкек мэриясы жол кирени 12 сомго көтөрүүнү сунуштады
Пикирлер