Москва: эвакуатордогу автоунаасын айдай качкан кишинин видеосу

4117
(жаңыланган 13:49 15.01.2019)
Интернетке эвакуаторго жүктөлгөн автоунаасын андан түшүрө айдап кеткен айдоочунун видеосу жарыяланды.

Айдоочу эвакуациялык кызматтын өкүлдөрүнөн автоунаасын кайтарып берүүнү суранган. Сунушу четке кагылгандан кийин полициянын келишин күтпөстөн, эвакуаторго жүктөлүп турган автоунаасын 1 метрдей бийиктиктеги жерден жерге айдап түшүп, окуя болгон жерден кетип калган. 

Жерге түшкөн автоунаанын алдыңкы бампери сынып кеткен.

4117
Белгилер:
эвакуатор, машина, айдоочу, Москва
Тема боюнча
Бишкекте унаа жөө адамды учура сүзгөн видео