Россияда эл ташып бараткан баткендик айдоочу кырсыктаган окуянын видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык кабылган жол кырсык 11-январда болгон.

Владивостокто эл ташып бараткан маршрутка менен Toyota үлгүсүндөгү унаанын кагышуусу видеого түшүп калган. Тасма "Новости Владивостока" басылмасынын YouTube каналына жарыяланды.

ДТП в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Унаа кырсыгынан кийин эмне кылуу керек? Жол милициясынын кеңеши
48 жаштагы кыргызстандык кабылган жол кырсык 11-январда болгон. Окуянын кесепетинен кыргыз айдоочуну кошкондо 16 адам жабыркаган

Кадрдан көрүнүп тургандай, катуу ылдамдыкта келе жаткан жеңил авто маршрутканы коюп кеткен. Катуу соккудан улам маршрутка жолдо турган унааны сүзүп, капталынан жыгылып калган.

Жабыркагандардын бардыгы №2 клиникалык ооруканага жеткирилген. Кыргызстандык жаран Баткен облусунун Кара-Булак айылынын тургуну экени аныкталды. Ал кырсыктан оор жаракат алгандыктан, кошумча нейрохирург, хирург, анестезиолог чакыртылган. Кечээ, 13-январда, ага операция жасалып, дарыгерлер анын колун сактап калды. Абалы оор, бирок туруктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0