Түн, кагышкан автоунаалар, жардамга чуркаган кишилер. Балыкчыдан алынган видео

Жазылуу
Былтыр Балыкчы шаарында 361 жол кырсыгы катталган.

Балыкчы мэриясы "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган көзөмөл камералары тартып калган жол кырсыктардын видеосун жарыялады. Топтолгон видеодон жолдо кетип бара жаткан автоунаалардын кантип кагышып кеткендигин көрүүгө болот. Ал 2018-жылдын октябрынан тарта декабрына чейинки мезгилди камтыйт.

"Бүгүнкү күндө "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 84 камера орнотулган. Алар жол кырсыктарынан сырткары коомдук тартипти бузгандарды да жазып калат. Эгерде автокырсыктан жабыркагандар болуп, кылмыш иши козголсо, ал видео бир жылга чейин сакталат. Эгерде автокырсыктын себепкерлери келтирилген чыгымды өздөрү төлөп берип, жабырлануучулар жок болсо, видео бир айдан кийин өчүрүлөт", — деп жазылган маалыматта.

Ысык-Көл облусунун маалымат кызматынын билдиргенине караганда, былтыр аталган облуста 361 жол кырсыгы катталган. Ал көрсөткүч 2017-жылга караганда 88ге аз экени айтылды. Былтыр автокырсыктан 82 адам каза таап, 682си ар кыл деңгээлдеги жаракаттарды алган. Маалыматта окуянын 320сы айдоочулардын күнөөсүнөн болгону айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0