Россия Кыргызстанга кандай техникаларды берди. Видео

Жазылуу
15-январда Бишкекте Россия Кыргызстанга берген аскердик техникаларды тапшыруу аземи өттү. Жалпы жонунан 125 атайын техника берилди.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько республика Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин аталган интеграциялык союздун тышкы чек араларын бекемдөө үчүн РФ финансылык-техникалык жардам бөлө баштагандыгын айтты. Кеп Кыргызстан менен Кытайдын, андан сырткары, Өзбекстан, Тажикстандын чек аралары туурасында болууда.

"Бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматына атайын техникаларды берүүнү аяктайбыз", — деди элчи.

Россиянын транспорт министринин кеңешчиси Михаил Семенов 125 атайын техника коюлганын айтты.

"Алар абдан керектүү, жаңы жана аскердик техникалар", — деди кеңешчи.

Салтанатка катышкан президент Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путинге ыраазылыгын билдирди.

"Россия бизге чек ара коопсуздугу боюнча эле эмес, башка тармактарга да жардам берип келет. Россия менен болгон стратегиялык өнөктөштүгүбүз биз үчүн кымбат жана баалуу", — деди Жээнбеков.

Караколдогу Николай Михайлович Пржевальскийдин айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия Караколдогу Пржевальскийдин музейин оңдоого 11 млн. рубль бөлдү
Россия менен болгон чет жактагы чек араларды бекемдөө боюнча макулдашуунун үч этабы бар. Биринчи этапта зарыл инфраструктурасы менен чек ара заставалары курулган. Экинчисинде техника берүү жана аны ЕАЭБдин сырткы чектериндеги чек ара заставаларына бөлүштүрүп берүү милдети коюлган. Анын Чек ара кызматынан бардык муктаждыктарын толугу менен жабары айтылды.

Үчүнчү этапта Кыргызстанга чек араны кайтаруу үчүн универсалдуу жабдуу тапшырылат. Экинчисинде Кыргызстанга ар кыл жолдордо жүрө алган элди жана жүк ташыган автоунаалар берилди. Андан сырткары, сүйрөөчү автокөлүктөр, жүктөөчү экскаваторлор жана башка түрдөгү техника экендиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0