Футболка кийип келдиң деп ЖК залынан чыгарылган аткаминер. Окуянын видеосу

8114
(жаңыланган 18:47 17.01.2019)
Бакиров Тынысовду ордунан тургузуп, депутаттардын алдында уяткарды.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов менен вице-спикер, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду талаптагыдай кийинип келген жоксуң деп Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда жемеледи.

Бакиров Тынысовду ордунан тургузуп, депутаттардын алдында уяткарган.

"Сиз ордуңуздан туруңузчу. Жогорку Кеңештин ичиндеги жүрүм-турум боюнча норма бар. Бул эмне деген нерсе? Жогорку Кеңештин аппараты, эмнеге карабайсыңар? Өкмөттүн аппараты, өкмөттүн өкүлү, бул жер базарбы?" — деп суроо салды.

Чакырылгандардын арасында да Тынысовдун аты-жөнү жок болгондуктан, вице-спикер чыгып кетүүсүн талап кылды. Тынысов ордунан туруп, залдан чыгып кетти.

8114
Белгилер:
видео, кийим, дресс-код, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Жумабеков Жогорку Кеңештеги дресс-код тууралуу