Жеңиштин даамы жана шаңы. Бишкекте күйөрмандар майрамдап жатат. Видео

Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы филиппиндик атаандаштарын 3:1 эсеби менен утуп, тарыхта биринчи жолу Азия кубогунун плей-оффуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Ал эми Бишкектеги күйөрмандар “Кыргызстан!” деп ураан чакырып, шаардын чок ортосунан басып өтүштү. Күбөлөр болжол менен жүздөй кишиден турган колоннаны тартып алышкан. Алардын арасында кыздардын да бар экени көрүнүп турат.

Хет-трик Люкса: все голы матча Кыргызстан – Филиппины. Видео - Sputnik Кыргызстан
Атаандаштын айласын кетирген “ак шумкарлар”. Голдордун топтому видеодо
Оюн бүгүн Дубайда өттү. Үч голдун баарын чабуулчу Виталий Люкс киргизсе, филиппиндиктердин жалгыз голу команда капитаны Штефан Шрекко таандык болду.

Кыргызстандыктар ушуну менен тайпалык беттешти жыйынтыктады. Улуттук командага тарыхтыабиринчи жолу Азия кубогунун 1/8 финалына чыгууга жол ачылды. Буга чейин кытайлыктар менен түштүккореялыктардан утулуп калган болчу.

Улуттук команданын плей-оффко чыгар-чыкпасы башка тайпадагы оюндардын жыйынтыгынан кийин так анык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0