Этиканы бузган жокмун. Жыйынга көйнөк кийбей келген депутат Примовдун видеосу

Жазылуу
Шаршемби күнү депутат Алмазбек Токторов менен вице-спикер Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин Бухгалтердик эсеп жана каржылоо бөлүмүнүн башчысы Талантбек Тынысовду талаптагыдай кийинип келген жоксуң деп Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда жемелеген.

Бакиров аны ордунан тургузуп, депутаттардын алдында уяткарган. Андан соң чакырылгандардын арасында да Тынысовдун аты-жөнү жок экен деп чыгып кетүүсүн талап кылган

Кийин жыйындан чыгарылган аткаминер ден соолугуна байланыштуу костюмдун ичинен свитер кийгенин айткан. Парламентке ооруп калган директорунун ордуна шашылыш барууга туура келгенин билдирген. 

Официальное открытие очередной сессии Жогорку Кенеша VI созыва - Sputnik Кыргызстан
Депутат кечирим сурасын! ЖКдан чыгарылган аткаминер боюнча соцтармактагы пикирлер
Деген менен бүгүн, 18-январда, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жыйыны өттү.

Андан депутат Улан Примовдун да көйнөк кийбей отурганын көрүүгө болот. Бирок анын сырткы кийимине эч ким сын айткан жок.

Эл өкүлү өзү фракциянын отурумуна көйнөк кийбей келүү этика бузууга жатпайт деп эсептейт. Ошол эле учурда кесиптештеринин аткаминерге жасаган мамилесин аша чапкандык деп баалай турганын билдирди.

Вице-спикер Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин Бухгалтердик эсеп жана каржылоо бөлүмүнүн башчысы Талантбек Тынысовду жемелеп, дресс-кодду сактаган жоксуң деген кине менен парламенттен чыгарып жибергени кыргыз коомчулугунун сынына кабылды. Интернет айдыңында бул окуядан улам Жогорку Кеңештин депутаты аткаминерден кечирим сурасын деген пикирлер айтылууда. Бакиров эл алдына чыгып кечирим сураганы менен Тынысовдун өзүнө жеке кайрылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0