"Эй, бул мас!". Бишкекте түндө милиционер катышкан автокырсыктын видеосу

Жазылуу
Кырсыктан автоунааны башкарып бара жаткан аял ошол жерден жан берди.

Бишкек шаарында 21-январда түнкү саат 00:35 чамаларында 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаалар кагышып, ичинде отурган аял ошол жерден жан берген. Бул тууралуу видеону Sputnik Кыргызстандын WhatsApp каналына окуянын күбөсү салды.

Маалыматка караганда, Toyota Avensis автокөлүгүн милиционер айдап келе жаткан Mercedes-Benz сүзгөн.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиционер аралашкан жол кырсыктан каза болгон аял кош бойлуу беле?
Видеодон топтошкон эркек кишилер майышып калган автоунааларды тегеректеп, рулда отурган милиционерди чыгарууга аракет кылып, күйпөлөктөп жатканын көрүүгө болот.

Жол кырсыгынын кесепетинен көз жумган аял 34 жашта экендиги кабарланды. Ал эми милиционер тирүү экенин көрүүгө болот. Кырсык болгон жерде сары күрмөчөн жигиттин айланасындагылар жооткотуп жатканы угулат. Ал ачуусу келип, Mercedes-Benz келип сүзгөнүн айтууда.

Ал эми видеодон милицияны чыгара албай жаткандардын "мас турбайбы" деп жатканын угууга болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын видеодогу милиционер Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери экендигин тастыкташты.

"Жабырланган 27 жаштагы милиционер жана жанындагы жүргүнчү ооруканага жаткырылды. Бул боюнча кызматтык иликтөөлөр дайындалды", — деп айтышты алар.

Окуянын видеосун жиберген адам келиндин кош бойлуу экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0