Бишкектеги футбол күйөрмандарынын көчөдөгү кыйкырык-сүрөөнү. Видео

Жазылуу
Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин курама командалары беттешти. Бишкектеги соода борборлордун жанына коюлган чоң экрандан жүздөгөн күйөрмандар оюнду көрүп турду.

Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Таштандыны ала кетти. Бишкекте элдин футбол беттешин көргөндөн кийинки видеосу
Кыргыз футболчулары айыгышкан беттеште БАЭ командасына 3:2 эсебинде утулуп калды. 

14-мүнөттө араб командасынан Хамис Эсмаил эсеп санын ачты. Ал эми 26-мүнөттө Мирлан Мурзаев Ахлидин Исраиловдун ашырып берүүсү менен бир гол киргизип эсеп санын теңеп койду. 

Кыргызстандын курама командасы өзүнүн тарыхында Азия кубогуна гана багыт албастан, плей-оффко өткөн эле. Бирок команда бүгүнкү 2:3 эсебиндеги жеңилүүдөн кийин мындан аркы таймаштарга катыша албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0