Бир аялдын өмүрүн алган жол инспектору мас болчу. ШИИБ түшүндүрмөсү видеодо

1800
(жаңыланган 09:36 23.01.2019)
Кырсык 21-январь түнү болгон. Ушу тапта милиция кызматкери ооруканада.

Бишкек шаарында 34 жаштагы келиндин өмүрүнө забын болгон жол инспектору экпертизанын жыйынтыгы боюнча мас болуп чыкканын калаа милициясынын жетекчиси Сталбек Рахманов билдирди.

Экерте кетсек, каргаша 21-январда түнкү саат 00:35 чамаларында 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Toyota Avensis менен Mercedes-Benz кагышкан. Биринчи унаадагы айдоочу Октябрь РИИБдин 27 жаштагы аймактык тескөөчүсү болуп чыккан. Кырсык кесепетинен келин ошол жерден көз жумса, жаракат алган инспектор ооруканага жеткирилген.

Рахмановдун айтымында, факт каттоого алынды, баштапкы тергөө башталып, кылмыш иши козголду. Андан тышкары, милиция кызматкерин камакка алуу сунушу киргизилип, ооруканага күзөт коюлду.

Ушу тапта Октябрь райондук милициясынын жетекчилигине карата кызматтык териштирүү жүрүүдө. Анын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилмекчи.

1800
Белгилер:
аял, милиционер, жол кырсыгы, ШИИБ, Бишкек
Тема боюнча
"Эй, бул мас!". Бишкекте түндө милиционер катышкан автокырсыктын видеосу
Бишкекте түндө болгон жол кырсыгынан бир аял каза болду