Кучакташып ыйладык... Футболду Абу-Дабиден көргөн мекендештердин видеосу

2200
(жаңыланган 13:46 23.01.2019)
Оюнду стадиондон көргөн мекендештер кыргыз футболчулары 91-мүнөттө атаандаштардын дарбазасына топ киргизгенде бири-бирин кучактап, ыйлап жибергенин айтышты.

Азия кубогунун алкагында өткөн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин беттешинде кыргыз футболчуларын 400дөй мекендеш сүрөп турду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Дубайда эмгектенип жүргөн Айбек Наржигитов билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Абу-Даби шаарында Кыргызстан курама командасы чейрек финалга жолдомо алуу үчүн беттеш өткөрүп, 2:3 эсебинде жеңилип калган.

"Дубай шаарындагы кыргызстандыктар чогулуп, төрт автобус жана жеңил унаалар менен Абу-Дабиге сапар тарттык. Кыргызстандын БАЭдеги элчиси Чыңгыз Эшимбеков ар бир автобуска кирип "биз азбыз, алар көп, жалпылап жакшы колдойлу" деп дем берип чыкты. Стадионго жакындаганда "Кыргызстан" деген ураан менен күчкө-күч, демге-дем кошулуп кыйкырык-сүрөөн менен кирип бардык. Арабдарга салыштырмалуу аз болсок да алардын үрөйүн учурдук", — деди Наржигитов.

Ошондой эле Кыргызстан 91-мүнөттө атаандаштардын дарбазасына топ киргизгенде күйөрмандар бири-бирин кучактап, ыйлап жибергенин кошумчалады. Арасында тынбай кыйкыра берип үнү бүтүп калгандар жана көзүнө жаш алгандар көп болгонун айтат.

Аягында калыс БАЭ командасына тартып койду деп нааразы болуп кетишкенин белгиледи.

Социалдык тармактын колдонуучулары да оюнга көз салган башкы арбитр Фу Минг көп учурда калыстык кылган жок деген нааразычылыгын жазып чыгышты.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары социалдык тармакта #FuMingShame (ФуМингУят) деген хэштег менен флешмоб баштады. Ал ортодо оюндун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн change.org сайтында петиция үчүн кол топтолууда.

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин курама командаларынын оюнуна көз салган чет элдик күйөрмандар да башкы калыс Фу Минг боюнча терс пикир жазып, ал бир командага тартып койду деген пикир билдиришүүдө.

2200
Белгилер:
күйөрман, мекендештер, футбол, спорт, Кыргызстан, Абу-Даби
Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)
Тема боюнча
Азия кубогундагы секирик. Александр Крестинин тууралуу 6 факты
Кичиндин футболкасын кайдан алам? КР командасына чет элдиктер жан тартканда
Абылгазиев баштаган аткаминерлер күйөрмандык кылганда. Сүрөт
Татыктуу тосуп алалы! КР футболчуларынын кайта турган күнү айтылды

Индияда ээси менен обон созгон ит интернетти жарды. Видео

193
Мумбайлык жазуучу менен анын обон созо алган Зоа аттуу ити экөөнүн интернетке жүктөгөн ырлары дүйнөгө тарап, популярдуу болуп жаткан чагы.

Ээси менен иттин видеолору бир нече күндө эле миллиондогон көрүүчүлөрдү топтоп жатат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rohit Nair (@sobertooth)

Социалдык тармактын колдонуучулары таң берген комментарийлерди байма-бай жазып, үй жаныбарынын "талантына" таазим этип жатышат.

193
Белгилер:
видео, ыр, ит, Индия
Тема боюнча
Үн созгону бир укмуш! Хьюстон менен жарыша ырдаган иттин видеосу

Сириядагы чыр: АКШ Россиянын "колу канган малынганын" айтты

318
(жаңыланган 10:45 01.08.2020)
Вашингтон Сириядагы абалга Россия менен Иранды күнөөлөдү. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Келли Крафт америкалыктар сириялыктарга жардам берүү үчүн миллиарддаган акча коротуп жатканын, ал эми Россия менен Ирандын "колу канга малынганын" айтты.

Мунусу менен Россиянын аталган уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензяга жооп берди. Себеби ал АКШ сириялык мунай кендерин пайдаланып жаткандыгын айткан эле. Сириядагы нефтинин мыйзамсыз сатылып жатканы тууралуу маселени Россия бир нече ирет көтөргөн.

Ага Москва да, Тегеран да бир топ далилдерди келтирген. Анын чоо-жайын биздин видеодон көрө аласыз.

318
Белгилер:
Мунай, нефть, Россия, Сирия, АКШ
Тема боюнча
АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео
Дарыгерлер. Архив

Экинчи толкунга даярдык. КРде 18 миңден ашуун медик кайра окутуудан өттү

0
(жаңыланган 17:30 04.08.2020)
Күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутуп жатат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүчү медицина кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо курстары үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады.

Эске салсак, күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутуп жатышат. Мында башка адистиктеги дарыгерлер коронавирусту жана пневмонияны дарылоону үйрөнүшөт. Өзгөчө азыр Кыргызстанга  инфекционист, кардиолог, терапевт, лаборант жана эпидемиологдор талап кылынууда.

"Мейли ал стоматолог же ортопед болсун, бирок зарыл болгон учурда окуудан өтүп, бекитилген протоколдорго ылайык дарылоого даяр турсун. Алгачкы медициналык-санитардык кызмат көрсөтүү адистерин жаңы клиникалык протоколдорго ылайык дарылоого онлайн-режимде окутуу ишин күчөтүү зарыл. Протоколдорду туура пайдалануу жана тийиштүү дарылоону камсыздоо абдан маанилүү", — деди өкмөт башчы.

"Колдоо керек". Чолпонаталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

Боронов лаборант жана врачтардын кадрлар резервин сапаттуу даярдыктан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга чейин 18 миңден ашуун адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү.

0
Белгилер:
медицина, окуу, дарыгерлер, коронавирус, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстан COVID-19дун кийинки толкунуна кантип кам көрүүдө? Бороновдун жообу