Ракка айбат кылган канайым. Асаддын ооруп калган аялы элге жардамдашууда

Жазылуу
Сириянын президенти Башар Асаддын жубайы Асма аль-Асад өзү былтыртан бери онкологиялык илдет менен күрөшүп жүргөнүнө карабай, карапайым элге жигердүү жардам берип келет. Бул тууралуу Ruptly видеоагенттиги билдирди.

Маалымат булактын YouTube каналындагы видеосуна караганда, канайым ооруканага барып, кулагы укпаган наристеге угузуучу аппарат белек кылат.

Форвард Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Роналду Италияда дарыланган кыргызстандык кызга учурашып, абалын сурады. Сүрөт
Кадрларда көрүнүп тургандай, бала алгач камера жана чоочун кишилерден тартынып туруп, биринчи айым ага угуучу аппаратты кийгизген соң айланадагылардын үнүн угуп, жылмая баштайт.

Баса, 43 жаштагы Асма аль-Асад эмчек рагына чалдыкканын 2018-жылдын август айында билген.

Оорусу жаңы башталганда билинген. Учурда биринчи айым Сирияда дарыланууда.

Асма аль-Асад 1975-жылы Лондон шаарында туулган. Европадан билим алган соң банк сиситемасында эмгектенген. Сирияга 2000-жылдардын башында барып, Башар Асадга турмушка чыккан. Асма аль-Асад Сирияда согуш чыкканда жолдошун таштабай, тынч жакка кетүүдөн баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0