Жолдошбаев карышкыр менен "туугандыктан кечкенде". Тик учактан атуу сунушу видеодо

Жазылуу
Депутат кашаба күнүнө 5тен жылкы жеп жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчага тик учак алып, Ат-Башы элинин тынчын алган карышкырларды атууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, ушу тапта кашаба күнүнө 5тен жылкы жеп, элдин айласын кетирип жатат.

"Айына 150гө чукулдайт экен. Карышкырга азыр мергенчилердин алы жетпей, айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор чарчап-чаалыгыптыр. Андыктан коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен вертолет алып берип койсо жакшы болмок. Ошого түшүп алып карышкырларды атпайлыбы, ал бизге тууган эмес да", — деди Жолдошбаев.

Белгилей кетсек, депутат коомчулуктун көңүлүн буруп, талкуу жараткан билдирүүлөрдү жасап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0