Токтогулда үч унаа кагышып бир жүргүнчү каза болду. Видео

Жазылуу
Биринчи унаадагы бир жүргүнчү ооруканада каза болду

Токтогул районунун Үч-Терек айылынын Кетмен-Төбө аймагында үч унаа кагышып, бир жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, окуя 26-январь күнү саат 16:50 чамасында Бишкек–Ош жолунун 338-чакырымында катталган. 

"Аксы районунан Бишкекти көздөй бара жаткан Honda Fit Aria унаасы карама каршы багытта келе жаткан Shaanxi жүк ташуучу унаасынын сол тараптагы дөңгөлөгүн сүзгөн. Анын артынан келе жаткан Honda Fit унаасы аны сүзүп токтогон. Кырсыктан жабыркаган жүргүнчүлөр менен айдоочулар Токтогул районундагы аймактык ооруканага жеткирилип, дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүлүп, үйлөрүнө жиберилди", — деди Сатыбалдиев.

Ал эми Honda Fit Aria унаасындагы бир жүргүнчү Кара–Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жеткирилип каза болгон.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0