Кочкор уйду бир сүзүп "нокаутка" кетирди. Күлкүнү келтирген видео

2396
(жаңыланган 10:38 29.01.2019)
Кочкор менен уй эмне талашканы белгисиз. Көпчүлүк үчүн күтүүсүз аяктаган жаныбарлардын кармашын төмөнкү видеодон көрө аласыз.

Интернетте кочкор менен уйдун беттешинин видеосун көргөндөр көбөйө баштаганын Sputnik Молдова жазды.

Малдын кармашы көпчүлүк үчүн күтүүсүз аяктады. Анда оттоп жаткан уйлардын бири ары жакта турган кочкор менен сүзүшүп, жыйынтыгында өзү турбай жыгылып калган. Экөө эмне талашып сүзүшкөнү белгисиз.

2396
Белгилер:
кочкор, уй, видео
Тема боюнча
Машинага урунган ителги аман калды. Канаттууну куткаруу учурундагы видео

Бишкекте инфекциялык оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү. Видео

172
(жаңыланган 11:32 24.10.2020)
Бул клиника инфекциялык ооруканага коюлган бардык талаптарга ылайык курулган. Жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Бишкекте 100 орунга ылайыкташкан оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы имараттын жалпы аянты 2 310 чарчы метрди түзүп, ал коронавирустук инфекциянын экинчи толкунуна даярдануу максатында өкмөттүн буйругу менен салынды.

Курулуш иштери 2020-жылдын 23-июлунда башталып, августтун соңу менен бүтмөк. Эки айга кечиккен корпус жакынкы күндөрү бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Жаңы оорукана Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагында жайгашкан жана изоляцияланган бокстардан, реанимациядан турат.

Бишкекте COVID жуктурган бейтаптарды кабыл алчу ооруканалар тизмектелди

Клиника инфекциялык ооруканага коюлган бардык талаптарга ылайык курулган. Бул инфекциялык ооруулар менен иштөө үчүн иштелип чыккан, аба жана саркынды сууларды толугу менен зыянсыздандырган жана индивидуалдуу аба соргучу бар мельцер бокстары бар.

"Ооруканага 180ге жакын медициналык жабдыктар, эмерек, ошондой эле тиричилик жана компьютердик техника сатылып алынды. Бир мобилдик рентген аппараты, 10 даана өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараты (ИВЛ), 20 даана жогорку агымдуу кычкылтек менен камсыз кылуучу аппарат (БИПАП), 62 даана кычкылтек менен каныктыруу аппараты орнотулду. 3 дефибриллятор, инфузиялык терапия үчүн 38ден ашык аппарат, 26дан ашык бейтаптарды индивидуалдуу түрдө көзөмөлдөө аппараты жана 1 көчмө УЗИ аппараты менен жабдылды", — деп айтылат маалыматта.

Жандандыруу блогу залдан, обочолонгон интенсивдүү терапия бокстарынан жана оор абалда жаткан бейтаптар үчүн күнү-түнү реанимациялык чараларды камсыз кылган палаталардан турат. Реанимация бөлүмүндө 30 керебет бар. Дарылоочу жана реанимациялык бокстар заманбап жабдуулар жана оорулуунун жашап кетүүсүнө кубат берүүчү жабдыктар менен жабдылган. Бардык палаталарды борбордук кычкылтек менен камсыз кылуу уюштурулганы айтылды.

172
Белгилер:
курулуш, оорукана, жугуштуу инфекция, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрылуу керек? Телефондор
Кыргызстандагы коронавирус: 582 киши ооруп калды, 324 бейтап сакайды

Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчыларынын жыйыны. Видео

202
(жаңыланган 17:22 23.10.2020)
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 22-октябрда, Россия Федерациясына барган. Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолукту.

Эки тараптуу жолугушуулардын соңунда Руслан Казакбаев менен Сергей Лавров журналисттерге маалымат жыйын курду.

202
Белгилер:
түз эфир, ТИМ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Казакбаев Россияга барып, реформа жүргүзүүгө каражат сурады
Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту
Жол кырсыкка кабылган унаа. Иллюстративдик сүрөт

Бишкекте эки машина кагышып, бири оодарылып калды. Видео

0
(жаңыланган 21:00 24.10.2020)
Каргаша бүгүн кечинде Гагарин менен Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда эки автоунаанын кагышып кеткени айтылды.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте автоунаа жол кырсыгына кабылгандан кийин оодарылып калганын "Короче" Telegram-каналы кабарлады.

Окуя бүгүн болжол менен саат 19.30дарда Гагарин менен Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май куюучу жайдын жанында болгон.

Милиция кырсык болгонун тастыктады. Алдын ала маалыматтар боюнча андан жабыркагандар бар.

0
Белгилер:
милиция, автоунаа, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр
Катуу соккудан автоунаа тегеренип кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу