Индияда кабылан айыл аралап кетип, элге кол салды. Видео

Жазылуу
Индияда леопард эл жыш жайгашкан аймакка кирип кетип, үч адамды жарадар кылды.

Mumbai Mirror басылмасы жазгандай, окуя өлкөнүн батышындагы Махараштра штатындагы Насик районунда болгон.

Жырткыч бир нече саат бою аймакты аралап, эл ызы-чууга түшкөн. Жырткыч үч адамды жарадар кылып, алар ооруканага жаткырылды.

Кадрдан көрүнүп тургандай, жырткычты егерлер тордун жардамы менен кармашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0