Жүрөгү тоо неме го? Куинджинин сүрөтү уурдалып кеткен учурдун видеосу

Жазылуу
Көзөмөл камерасына эркек киши элдин көзүнчө эле сүрөттү чечип алып көтөрүп кеткени тартылып калган.

Россиянын Ички иштер министрлиги Архип Куинджинин "Ай-Петри. Крым" эмгеги уурдалып кеткен учурдун видеосун жарыялады.

Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финляндия ТИМи Кыргызстанга берем деген 400 миң еврону уурдатып ийди
Белгилей кетсек, 27-январь күнү Третьяков галереясынан айтылуу сүрөтчү Архип Куинджинин эмгеги жоголуп кеткен.

Сүрөттүн камсыздандырылгандагы баасы 12 миллион рубль.

Кадрларда көрүнүп тургандай, кара кийимчен эркек картинанын жанына басып келип, элдин көзүнчө аны илинип турган жеринен чечип алып, сыртка чыгып кетет.

Шектелүүчү окуядан бир нече саат өткөн соң Моксва облусунун Заречье айылынан кармалды. Ал 31 жаштагы, баңгизат сактоо боюнча кармалып, полициянын көзөмөсүндө жүргөн жаран болуп чыкты.

Кармалган киши баалуу эмгекти Одинцово районундагы жаңы курулуп жаткан имаратка катканын айткан. Жыйынтыгында полиция дал ошол жерден сүрөттү таап алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0