Пара алып көрдүңүз беле? Бажы кызматынын төрагасынын реакциясы видеодо

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбековго: "Пара алып көрдүңүз беле?" - деген суроо узатты.

Оңолбеков буга кандай жооп берсе да башкалар ага ишенбей турганын айтты. Бүгүн, 28-январда, Бажы кызматынын төрагасы жана анын орун басарлары кызматтын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөргөн.

"Мен сизге айтып коёюн… Азыр сиз тигинисине да, мунусуна да ишенбейсиз! Андыктан бул суроого жооп берсем туура эмес болуп калат. Мен эч качан мыйзамсыз ыкмаларга кайрылган эмесмин. Сизге ушуну айтып коёюн!" — деди Оңолбеков.

Бажы кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бажы кызматы быйыл план толтура албай калды. Себеби эмнеде?
Ал эми пара сунуштагандар болду беле сураганда "бул орунсуз суроо" экенин айтып, жооп берүүдөн баш тартты.

Эскерте кетсек, Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып кармалган. Финполдун маалыматында Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында "А" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 167 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0