Медайымдар бейтаптар менен бийлеп көңүлүн көтөрдү. Чүйдөгү ооруканадан тартылган видео

Жазылуу
Медайымдардын бири дарылангандар бир процедурада төрт саат жатарын айтты.

Токмок шаарында медайымдар ооруканада гемодиализ алып жаткан адамдар үчүн бийлеп, алардын көңүлүн ачкан видео тарады. Sputnik Кыргызстан медайымдардын бирин таап, сүйлөштү.

Флешмобдун автору Токмок шаарындагы Гемодиализ борборунун улук медайымы Жүрсүн Эселова видео тууралуу айтып берди. 

Флешмоб бүгүн, 28-январда, Токмок шаарында тартылган.

"Бизде дарылангандар бир процедурада 4 саат жаткандыктан тажап кетет. Бир палатада 5 киши бар. Алардын көңүлүн көтөрөлү деген ой келе калып эле бүгүн биринчи ирет жасадык. Мындай флешмобдун Испанияда болгонун көрүп калган элем”, — деди Эселова.

Ал медайым болуп 8 жылдан бери иштеп келе жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0