Ала качкан кызын колунан эки ирет түшүрүп ийип, бетин жарган жигит. Видео

1519
(жаңыланган 10:17 29.01.2019)
Интернет айдыңында Түндүк Осетиядагы ала качуу окуясы кызуу талкууланып жатат.

RT жазып чыкканына караганда, ролик Владикавказда күбөлөр тарабынан тартылган. Жигит жактырган кызын салт боюнча ала качкан. Бирок кызды көтөрүп баратып эки ирет кулап түшкөн.

Кадрда көрүнүп тургандай, жигит достору менен кыздын жанына чуркап келип аны көтөргөн бойдон чуркаган. Бирок тепкичтен чалынып кетип, кыз менен кошо цементке кулаган. Аны кайра көтөрүп чуркап жөнөгөн, бирок унаага жетейин дегенде кызды кайра басып кулаган.

Видеонун акырында кыз катуу жаракат алып калган эки сүрөт жайгаштырылган.

1519
Белгилер:
кыз ала качуу, Кавказ
Тема боюнча
Финляндия ТИМи Кыргызстанга берем деген 400 миң еврону уурдатып ийди
Россияда Третьяков галереясынан сүрөт уурдады делген киши кармалды