Графолог саясатчылардын кулк-мүнөзүн кол жазмасын карап айтып берди. Видео

631
(жаңыланган 14:18 09.02.2019)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги графолог (кол жазма аркылуу адамдын мүнөзүн аныктаган адис — ред.) Арсланбек Камчыбековго кыргызстандык таанымал саясатчылардын кол жазмаларын чогултуп берип, айткандарын видеого тартып алды.

Белгилей кетсек, графологго кимдин кол жазмаларын карай турганы алдын ала айтылган эмес. Ага журналист 9 саясатчынын өз колу менен жазылган барактарын тапшырган.

Тагыраагы, адиске экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун, РАЖ фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун, маалымат, маданият жана туризм министри Азамат Жамангуловдун, ошондой эле эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кол жазмасы берилген.

Арсланбек Камчиев кол жазмаларды карап бүткөндөн кийин өз ою менен бөлүштү.

"Графология — көзү ачыктык эмес. Графологиялык анализ жасоо үчүн шашпай, кылдаттык менен отуруп иштөө керек. Азыр биз үстүртөдөн же жалпы жонунан гана мүнөздөмө кылдык. Бул адамдар аткаминерлер деп ойлойм. Бардыгы чыгармачыл адамдар. Бирок бардыгы эле демилге көтөрүп, иш жасай беришпейт. Алар өздөрү каалаган нерсе менен алектене алышпайт. Ички сезимдери жогору. Эч кандай криминалисттик кол жазмаларды кездештире алган жокмун. Кол жазма – бул адамдын мүнөзү. Адам жазып жатканда мээ иштейт, кол болсо — аспап", — деди графолог.

Арсланбек Камчыбеков — графолог, профайлер-верификатор, ИИМ Академиясында жана башка юридикалык окуу жайларда психология сабагынан окутуучу болуп эмгектенген. Милициянын отставкадагы подполковниги. Калпты аныктоону профессионалдык деңгээлде өздөштүрүү үчүн, өзүнүн айтымында, Москва шаарындагы Калпты изилдөө эл аралык академиясынан билим алган.

631
Белгилер:
мүнөздөмө, графолог, кол, саясат, Кыргызстан
Тема боюнча
Президенттин тулку бою роль ойнойбу? Талапкерлердин бою жана салмагы

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

237
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

237
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды

Конституциялык палата ЖКнын мөөнөтүн 7 айга узартууга кантип макул болду? Видео

109
(жаңыланган 21:00 02.12.2020)
Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттин мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Бул чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт деп билдирди.

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

Конституциялык палата даттануучулар "Реформа" партиясынын төрайымы Клара Сооронкулованын жана жарандар Нурбек Касымбековдун, Таалайбек Усубалиевдин жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн жүйөсүн укту. Ошондой эле президенттик аппарат менен Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү дагы позициясын айтышты.

Андан соң судьялар кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетип, беш сааттан кийин келди.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Азыркы парламенттин беш жылдык мөөнөтү 28-октябрда аяктаган.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

Комиссиянын корутундусунда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгиленген. Ошондой эле конституциялык мыйзам токтоп, шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына жана демократиялык оюндун эрежелери бузулганына кабатырланган.

Жыйында тараптар кандай жүйө келтиргенин кийинки материалдан окуңуз.

109
Белгилер:
мөөнөт, парламент, чечим, Конституциялык палата
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду
КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди