Ошто бейтааныш аял эки кызды сабап салды. Видео

Жазылуу
Белгисиз аял балдардын оюн аянтчасында уруша кеткенине ачуусу келген.

Незаконная миграция из Мексики в США - Sputnik Кыргызстан
Уулун өлтүрүп кое жаздаган. Жаш келиндин төрт чүрпөсү балдар үйүнө өткөрүлдү
Ошто балдардын көңүл ачуучу жайларынын биринде аял эки кичинекей кызды башка-көзгө чапкылаган. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

29-январда болгон окуянын видеосу Youtube каналына жүктөлүп, балдардын энеси милицияга арыз менен кайрылган.

Тасмада көрүнүп тургандай, оюн автоматынын жанында турган эки кыздын бирин жогорку кабаттан чуркап түшүп келген аял башка чапкан. Колун ары-бери булгап ызаланган аял экинчи кызды да башка бир койгон.

"Кыздардын апасы милицияга кайрылып, аялга чара көрүүнү суранды. Көрсө, кадрдагы аял оюн аянтчасында анын кызы менен эки кыз урушуп кеткенине ушундай реакция кылган экен", — деп билдиришти милициядан.

Аталган факт Жоруктар жана эреже бузуулар боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Визуалдык кароо учурунда балдардын денесинен жаракаттар байкалган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0