Жылан менен эчкемердин айыгышкан кармашы видеого түшүп калды

Жазылуу
Австралиянын Бремер Бей шаарынын тургуну жылан менен эчкемердин кармашына күбө болгон.

Автоунаанын салонунан тартылган видеону Рэйган Зачер аттуу кыз өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жүктөгөн (Видеону туурасынан көрүү үчүн 50-секунддан баштап коюңуз).

Кадрларда көрүнүп тургандай, сойлоп жүрүүчүлөр бир нече мүнөт бою таймашат. Эчкемер жыланды улам-улам тиштегилеп, ал дагы жемин жедирбей жооп кайтарат.

"Менимче, эчкемер жеңди. Мен кетип жатканда жылан тирүү болчу. Бирок араң жан болуп калган", — деп жазды Рэйган башка интернет колдонуучуларга жооп берип жатып.

Жакында эле Австралияда жыланга байланыштуу дагы бир өзгөчө окуя болгон. Анда унитазга жашынган жылан дааратканага кирген аялды чагып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0