Топтолгон элге тиш салган кабыландын видеосу тарады

Жазылуу
Окуя 31-январда Индиянын Ламба айылында болгон.

Индияда жаалданган кабылан жергиликтүү тургундарга кол салган учуру видеого түшүп калганын The Times of India басылмасы жазды.

Леопард на лету настиг антилопу — уникальное видео из ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Куусун көр! Секирип өтмөк болгон антилопаны тамактан алган кабыландын видеосу
Ага ылайык, окуя 31-январда Ламба айылында болгон. Жарыяланган видеодо жаалданган кабыланды кармоого аракет кылган учурда ал дубалдан секирип чыгып, кишини төштөн тиштеп ары качканын көрүүгө болот. Андан ары топтошуп турган кишилерди качырып барып, айрымдарын тиштеген. Алдын ала маалымат боюнча беш киши жаракат алган.

Полиция жырткыч жаныбарды жети саатта араң кармаган. Ага үч жолу транквилизатор менен атууга туура келген. Мал доктурлар аны жакынкы зоопаркка алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0