Жылмышкан, тырмышкан пандалар. Коргоого алынган жаныбарлардын майрамы

Жазылуу
Коруктун кызматкерлери майрам алдында атайын салтанат уюштуруп, алардын жашаган жайларын кооздоп, селкинчектерди орноткон.

Кытай календары боюнча келген Жаңы жыл алдында Пандаларды коргоо жана изилдөө борбору бул жаныбарлар үчүн атайын майрам уюштурду. Маалыматты РИА Новости таратты.

Баладай сүйүнүптүр! Тоголонуп, топ ойногон панданын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Баладай сүйүнүптүр! Тоголонуп, топ ойногон панданын видеосу
Аземдин видеосу YouTube каналына жайгаштырылды.

Аталган борбордун алдында түзүлгөн коруктун кызматкерлери жаныбарларга майрам алдында атайын салтанат уюштуруп, алардын жашаган жайларын кооздоп, селкинчектерди орнотуп чыккан.

Кызыл-тазыл болгон майрамдык буюмдар менен селкинчектер пандаларга жаккан өңдүү. Кадрдан жаныбарлардын сөлөкөтү тагылган жиптерге асылып, дарактын башына чыгып, кайра томолонуп же жылмышып жүргөнүн көрүүгө болот.

Маалыматта роликтеги 11 панданын жарыкка быйыл гана келгени жана аларды элге биринчи ирет көргөзүлүп жаткандыгы жазылган.

Буга чейин панданын карда тоголонуп, селкинчек тээп, топ менен ойноп, бамбук кемирип жүргөн видеосу таралган

Жаңылыктар түрмөгү
0