Астанада беш бир туугандын өлүмүн кабарлаган маалымат катчы ыйлап жиберди. Видео

21202
(жаңыланган 11:49 09.02.2019)
Астанада турак жай өрттөнүп бир үй-бүлөнүн беш баласы каза болуп калды. Бул тууралуу брифингде маалымат берип жаткан Астана акимиатынын маалымат катчысы Элвира Жургенбаева көз жашын тыя албай ыйлап жиберди.

Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, дүйшөмбүгө караган түнү Астананын Көктал-1 конушунда времянка үй өрттөнүп кеткен. Мунун кесепетинен бир үй-бүлө беш баласынан ажырап калды. Алардын баары кыздар, эң улуусу 13 жашта, кичүүсү болгону үч айлык экени айтылды. Өрт түнкү саат 2-3төр чамасында чыгып ичиндегилерди куткарууга мүмкүн болбой калган. Бул учурда балдардын ата-энеси жумушта болгон. Апасы пластикалык карта чыгарган заводдо эмгектенчү, ал эми атасы унаа оңдоочу жайда иштеген. Үй-бүлө Астанада 10 жылдан бери жашап жатканы айтылды.

Бир тууган кыздардын сөөгү бүгүн, 5-февралда, жерге берилет. Тажиясын шаар бийлиги колго алган.

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча меште күйүп жаткан оттон өрт тутанып, балдар иске ууланып калган.

Каргашалуу окуядан кийин Астананын акими Бахыт Султанов чукул жыйын өткөргөн.

"Учурда кыздарынан ажыраган ата-эне менен психологдор жана социалдык кызматтын адистери иштеп жатат. Мындан сырткары, аким жаңы конуштардагы ар бир үйдү кыдырып өрт коопсуздугун текшерүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди", — деп айтылат маалыматта.

Өрт боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

21202
Белгилер:
трагедия, Өрт, өлүм, Астана
Тема боюнча
Жумгалда чоң эне менен эки небереси өлтүрүлгөн бөлмөнүн сүрөтү
Газ баллон жарылып эне-бала мерт болгон. Оштогу намазканадагы өрттүн чоо-жайы