Майкл Жексондун педофилия боюнча суракка алынган видеосу жарыяланды

Жазылуу
Интернетке "поп-музыканын паашасы" аталган ырчынын педофилия боюнча суракка алынган видеосу чыгып кетти.

Тасма 1996-жылдын 1-мартында Нью-Йорк шаарында Four Seasons мейманканасында тартылганын The Daily Mail жазды.

Бул легендарлуу артисттин жашы жете элек Жордан Чендлер, Брет Барнс жана "Один дома" киносунун жылдызы Маколей Калкинге жасаган жосунсуз мамилеси боюнча берген сурагынын жападан жалгыз видеосу экени айтылат. Алар Жексондун "Неверленд" ранчосуна конокко көп барып турушкан.

Видеодо 37 жаштагы ырчыга "Педофилсиңби?" деп түз берилген суроого жооп берүүгө туура келген. Анын күлүп, каткырып жана кыжаалат болуп турганын көрүүгө болот.

2009-жылы каза болгон дүйнөлүк атактуу ырчы Майкл Жексон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Майкл Жексон кайрадан өспүрүмдөрдү зордуктаган деп айыпталды

Тагылган айыптын баарын танып, муну элдин баары аны жаманатты кылуу үчүн ар кандай окуяларды ойлоп тапкандан тажабайт деген мааниде жооп берип жатат.

"Адамдар сен жөнүндө ойго келбеген окуяларды ойлоп чыга баштаган соң болгон чындыкты айтууга туура келди! Алдабаган маек берүүнү, өзүң жөнүндө болгон-бүткөн чындыкты жазууну каалайсың. Адамдар мени жаманатты кылуудан чарчабай койду, эл ошолорго ишенип алды. Өзү менен көзмө-көз сүйлөшпөгөн соң адамды талкууга албагыла", — деген Жексон.

Аягында артист юристтердин ыңгайсыз суроолоруна жооп катары Иисустун сөздөрүн келтирген.

"Иисус балдарды кандай болсо ошондой, таза жана айыпсыз сүйгүлө деген. Аны дайыма балдар коштоп, тегеректеп жүргөн. Мени ошондой тарбиялашкан, өмүр бою ага окшошууга аракет кылам", — деген ырчы сурактын аягында.

Майкл Жексон — тарыхтагы эң атактуу жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчы. Гиннестин рекорддор китебине 25 жолу катталган жана "Грэмми" сыйлыгына 15 ирет татыган. Легендарлуу артист 50 жашында 2009-жылы дарыны көп ичип алып каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0