Сурамжылоого катышкан башка улуттагы депутаттар да аларда жети атаны билүү шарт экенин белгилешти.
Ал эми Рыскелди Момбеков эгер адам бир гана жети атасын эмес, жетимиш атасын билсе, саясатты эле эмес, санжыраны кошо билсе, ошондо гана таза кандуу чыныгы кыргыз болорун айтып өттү.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.
Маалыматка ылайык, Финполго жеке ишкер кайрылып, аталган бекетте иштегендер кызмат абалынан пайдаланып бажы көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системдүү түрдө акча берип туруусун талап кылганын айткан. Мындан улам ал бажычыларга чара колдонууну суранган.
"Кечээ, 26-январда, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Кызыл-Бел" бажы бекетинин нөөмөт башчысы М.Т. Кызыл-Кыя шаарында пара алып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары, анын автоунаасын тинткенде 100 миң сом (чет өлкөнүн валютасы дагы бар) чыккан. Шектүү каражатты кайдан алганын айтып бере алган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен катталган.
Бүгүн Генштабдын маалымат кызматы бул ведомствонун кайра өзгөрүшү боюнча кабарды Sputnik агенттигине тастыктаган.
Мекеменин Facebook баракчасында "Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Андагы пикирлерге таянсак, оюн калтыргандардын көбү бул идеяны колдогон.
Эске салсак, Коргоо министрлиги 2014-жылы жоюлуп, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн бардыгы Генералдык штабдын карамагына өткөн. Министрлик өкмөткө, штаб мамлекет жетекчисине баш ийерин белгилей кетели.
КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы — аскердик башкаруунун борбордук органы. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрдү жетектеп, аларды даярдоо менен алектенет.Бул эки органдын аталышына жараша министр же начальник башкарса, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы кандай гана өзгөрүү болбосун Баш мыйзам боюнча президент болот.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аскер тармагында жогоруда белгиленгендей, күтүлүп жаткан өзгөрүү боюнча эксперттердин пикирин укту.
Генералдык штабдын биринчи начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев КМШ мамлекеттеринин бардыгында жана Кытайда куралдуу күчтөр Коргоо министрлигине гана баш ийе турганын, бул жагдай Кыргызстанга аталган өлкөлөр менен кызматташууга таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
"Мурдагы Советтер Союзунун Коргоо министрликтери аскердик-техникалык жактан өз ара кызматташат. Кыргызстандыкы Генералдык штаб деп аталганы үчүн иштешүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканы айтылат. Себеби айрым мамлекеттерде Генштаб Коргоо министрлигине баш ийип, өзгөчө кырдаалдарды жөнгө сала турган орган катары иш алып барат. Биздикилер ушул максатта, тагыраагы, карым-катнаш үчүн министрлик рангына ээ болууга аракет кылып жаткан болушу мүмкүн", — деди Алымкожоев.
Ал Генералдык штабды Кыргызстан өзү ойлоп таппаганын, армиясы чоң батыш өлкөлөр ушундай аталышты алып жүрөрүн белгиледи. Ошондой эле анын министрликтен артыкчылыктары дагы бар экенин айтат.
Алымкожоев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 5-10 жылдан кийин кайра Генералдык штабга кайтууну ойлонушу мүмкүндүгүн кошумчалады.
КРдин мурдагы коргоо министринин экс-орун басары Мурат Бейшенов 2014-жылы Генералдык штабга өтөбүз деген демилге көтөрүлгөндө Коопсуздук кеңешине эксперт катары чакырылган экен. Ал ошондо эле кээ бир кесиптештери буга каршы чыкканын айтат.
"Генералдык штаб конституциялык орган эмес, начальниги өкмөттүн мүчөсү эмес. Чоң мамлекет эмеспиз, армиябыз эбегейсиз болбогондон кийин штабдын эмне кереги бар дегенбиз. Бийлик ондогон миллион сом каражатты кетирип түзүмдү бул органга өткөргөн. Алты жыл болду, эмне өзгөрдү? Эми кайра Коргоо министрлиги болот деп жатат. Ички жана эл аралык документтерди алмаштырууга кайрадан ондогон миллион каражат кетет, бул чоң убаракерчилик да", — деди Бейшенов.
Ал убагында Коргоо министрлигин жоюп, Куралдуу күчтөрдү Генштабга өткөргөндөр жоопко тартылышы керек деген оюн кошумчалады.
Улуттук гвардиянын мурдагы генералы, афган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Коргоо министрлиги менен Генералдык штабдын ишинде көп деле айырмачылык жоктугун, кеп аларды ким жетектей турганында болуп жатканын айтты.
"Менимче, мурдагыдай эле Коргоо министрлиги болушу керек. Коңшу мамлекеттердин ичинен бизде эле Генштаб болгондуктан алардын жанында толук кандуу орган боло албай жатабыз. Биздики АКШ менен Түркиянын Генералдык штабынын чала варианты болуп калган", — деди генерал-подполковник.
Чотбаев Коргоо министрлигин жоюуга запастагы генералдар башында эле каршы болгонун белгиледи.