Казакстандык балбандын шумдуктуу трюктарынын видеосу

429
(жаңыланган 15:11 08.02.2019)
Казакстандык балбан Сергей Цырульников Гиннестин рекорддор китебине катталууга ниет кылууда. Андыктан бир нече оор трюктарды жасап жатат.

Буга чейин мындай рекордду австриялык балбан жаратып, салмагы 100 килограмм болгон кишини бир колу менен көтөргөн.

"Бир колум менен оор салмактагы кишини көтөрүү — акыркы номерлердин бири болмокчу. Мындай трюктарды качандыр бир убактарда Кажымукан Мунайтпасов жана Балбан Шолак сыяктуу казак баатырлары жасашчу. Алар топтошкон адамдардын ичинен жүз килограммдык кишини бир колу менен көтөрүп чыкчу экен", — деп айткан казакстандык балбан.

Мындан сырткары, ал 200 картаны айрууга камынып жатат.

Сергей Цырульников Sputnik Казакстан агенттигине келип айрым оор өнөрлөрүн көрсөтүп берген.

429
Белгилер:
рекорд, трюк, балбан, Казакстан
Тема боюнча
Кара күчтүн атасы. Жалындап чыгып жакаңды карматкан кыргыз балбандары
Онг Бактай сокку узатат деген Эрлан: видеом популярдуу болуп кеткенине таң калдым

Жарылуу болгон Бейруттан көрсөтүлгөн түз эфир

635
(жаңыланган 19:29 05.08.2020)
Ливандын борбору Бейрутта кечээки жарылуудан бери адамдарды издөө жана куткаруу иштери уланууда. Соңку маалыматтарга ылайык, жарылуудан каза болгондордун саны 70тен ашты.

Катуу жарылуу шейшемби күнү кечинде Бейруттагы порттун аймагында катталган.

Шаардагы имараттар жабыркаган, жаракат алгандардын көптүгүнөн улам ооруканалар толуп кеткен. Төрт миңден ашуун киши жарадар болду.

Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, төрт миңден ашык адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Жарылуунун эпкини окуя болгон жерден бир канча чакырым радиус аралыктагы үйлөрдүн терезелерин да талкалаган. Иорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуу 4,5 баллдык жер силкинүүгө барабар болгонун аныктаган.

635
Белгилер:
өлүм, кырсык, жарадар, куткаруу, жарылуу, Бейрут, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Күнөөлүүнү таап чыгам! Ливандын премьери Бейруттагы жарылуу боюнча үн катты
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Жүрөктү титиретет! Бейруттагы  катуу жарылуунун видеосу 

14150
(жаңыланган 23:07 04.08.2020)
Кызыл крест коомунан билдиргендей, сынган айнектерден жараат алгандар көп. Үйлөр талкалангандыктан, адамдар уранды алдында калышы мүмкүн.

Ливандын борбору аталган Бейрут шаарындагы порттун жанында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

RT каналы ал жактан орус тилинде түз алып берүүдө.

Видеодон көрүнүп тургандай, алгач кичирээк жарылуу болгон. Андан кийин беш мүнөткө жетпей кара, ак түтүн асманды каптап, кийин кызыл түтүн чыккан.

Маалым болгондой, жарылуу бир топ үйдү талкалаган. РИА Новостиге Кызыл крест коомунун кызматкери билдиргендей, адамдар уранды алдында калышы мүмкүн.

14150
Белгилер:
түтүн, үй, видео, жарылуу, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Жалын чачырап! Ош шаарындагы кафенин өрттөнүп жаткан видеосу
Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив

Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

0
Жалпысынан рейтингге 224 спортчу киргизилген. Арасында карьерасын эбак жыйынтыктап, бирок эл оозунда айтылып келе жаткандар дагы бар.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Валентина Шевченко Tapology спорттук басылмасынын версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди. Толук тизме порталдын сайтына жүктөлдү.

Жаңыртылган маалымат боюнча, Шевченко 58-орунду ээлеп турат. Жалпысынан рейтингге 224 спортчу киргизилген. Арасында карьерасын жыйынтыктаган атактуу спортчулар дагы бар. Аларга бааны ММА сүйүүчүлөрү берген.

Аралаш мушташ тарыхында эң мыкты мушкер деп канадалык Жорж Сен-Пьер табылган. Ал UFC уюмунда эки салмак категория боюнча чемпион болгон. Экинчи сапты учурда орточо оор (93 кг) салмакта бел курду тагынып турган америкалык Жон Жонс ээлеген. Үчүнчүгө мурдагы чемпион, бразилиялык белгилүү мушкер Андерсон Силва илинген.

Төртүнчү орунга UFC уюмундагы чемпиондук наамын бир нече жылдар бою коргоп келип, азыр башка компания менен иштешкен Деметриус Жонсон, ал эми бешинчиге россиялык Федор Емельяненко жайгашкан.

Валентина Шевченконун титулун кантип коргой турганы маалымдалды. Видео

UFC уюмунун учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов сегизинчи орунга, анын эзелки атаандашы, мурда эки салмак категориясында бел курду тагынып турган ирландиядык Конор Макгрегор 17-орунга татыган.

Кыз-келиндердин арасында бразилиялык Аманда Нуньес лидер болгон. Ал 20-сапка илинсе, UFC уюмунун аялдар арасындагы алгачкы чемпиону Ронда Роузи 44-орунга жайгашкан.

0
Белгилер:
мушкер, рейтинг, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко: Нуньес мен көздөгөн акыркы атаандаш