Маршрутка сүзүп энесинен да, бутунан да айрылган Жумайымдын азыркы жашоосу. Видео

Жазылуу
Кичиавтобустун алдында калып апасы менен бир бутунан ажыраган Жумайымдын окуясы эсиңиздеби? Үрөй учурган кырсык туура бир жыл мурун катталган. Sputnik Кыргызстан агенттиги наристенин атасы менен байланышып, кызынын ал-абалын сурады.

2018-жылдын 9-февралында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталган. Анда жолдун аркы бетине өтүүгө камынып, жол чийиндин жанында турган эне-баланы кичиавтобус сүзүп кетип, апасы ошол жерден көз жуумп, наристе аман калган. Бирок бала катуу жараат алгандыктан, дарыгерлер анын бир бутун кесип салууга аргасыз болушкан.

Жумайым азыр Бишкекте эмес экен. Атасы Жыргалбек Чотоновдун айтымында, чоң энеси менен Баткенге кетиптир.

"Келинчегим каза болгондон бери кызымды апам багып жаткан. Мен болсо жумуштамын да. Кыш чыккычакты деп убактылуу апам менен кызымды айылга жөнөткөм. Ал жакта туугандарыбыз бар. Балдар менен ойноп алаксыйт", — деди Чотонов.

Жумайым ушул жылдын май айында 3 жашка толот. Атасы анын көп өнөрү чыкканын айтып, айрым видеолорун жөнөтүп жиберди. Видеодон наристе отуруп алып камыр жайып жатканын, ыр айтканын, сыртта ойноп жатканын көрүүгө болот.

ДТП на автодороге Бишкек — Кордай - Sputnik Кыргызстан
Мүрт кеткен мугалимдер, энесиз калган бөбөк... Үрөй учурган жол кырсыктары
"Ырдаганды жакшы көрөт. Апасын кээде эстеп "ал шаарда" деп коет. Дарыгерлер кызым 5 жаштан ашып, кичине жамбаш сөөгү өскөндөн кийин жасалма бут саларын айтышкан. Мен болсо азыр шаарда тигүү цехтеринин биринде иштейм", — деди Чотонов.

Жумайымдын ата-энеси Жыргал Чотонов менен келинчеги маркум Жазгүл Өмүрбекова Бишкек шаарына Баткенден 2005-жылы эле келген. Көпкө чейин балалуу боло албай жүрүп, Россияга барып иштеп келгенден кийин кыздуу болушкан. Жумайым алардын көптөн күткөн жалгыз кызы эле.

Бишкек милициясы кырсык болгон күнү эле эне-баланы коюп кеткен айдоочуну камакка алган. Ага Кылмыш кодексинин 281-берененин экинчи бөлүгү ("Жабырлануучунун өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу") боюнча айып тагылган. Бул иш боюнча сот иштери азыркы күнгө чейин бүтө элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0