Хабибче тордон аша секирип... ММА турнириндеги тополоңдун видеосу

1163
Аралаш мушташ боюнча Германияда өткөн German MMA Championship (GMC) 18 турнири атаандаш эки команданын жапырт мушташы менен аяктады. Ал тургай калыска да кол салып жиберишти.

Окуянын видеосу турнирдин YouTube каналындагы баракчасына жайгаштырылган.

ММА беттеши Гамбург шаарында өтүп, Түркия өкүлү Омер Солмаз менен немец Феликс Шиффарт жеңил салмактагы категорияда күч сынашкан.

Төртүнчү раунддун ортосунда Солмаз атаандашына үстөмдүк кылып бурчта жаткан атаандашын бетке-көзгө койгулай баштаган. Ал учурда Шиффарттын командасы сүлгү ыргытып, мушташты токтотууну суранган. Түрк мушкери ага карабастан немец спортчусун жанчып урганын токтотпой уланта бергенде, командалардын мүчөлөрү октаганго секирип кирге баштаган. Калыс аларды токтотууга аракет кылган менен түйүлгөн муштумдар атаандаштардын бети-башына урулганы улана берген. Видеодон калыстардын бири тополоңдун ортосунда калганын көрүүгө болот.

Башаламандык учурунда октагонду отуздай киши ээлеп алган. Каны кайнагандардын ызы-чуусу тынчыгандан кийин судья Солмаздын жеңгенин жарыялаган.

Sport24 каналы бул көрүнүш россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегордун 2018-жылдын 7-октябрында болгон мушташын эстетти деп жазган. Нурмагомедов октагондон секирип барып, таймаш учурунда беделине шек келтирген Макгрегордун спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске жулунган. Бул убакта Макгрегор Нурмагомедовдун досу Зубайра Тухугов менен мушташам деп атырылган. Окуяны полиция кызматкерлери жөнгө салган. 

Sport24 каналынын ал видосунун алдындагы комментарийлерге Солмазды Хабиб Нурмагомедовго окшоштуруп жибергендер да болду.

"Ал деген Хабиб да, бирок түрк Хабиб", — деген пикирин билдирген интернет колдонуучулардын бири.

Ушул эле теманы улай сөз кылсак, былтыркы жылдын аягында мушкер Физиев атаандашын баш көтөртпөй нокаут менен жеңип алган.

1163
Белгилер:
мушкер, Түркия, Германия
Тема боюнча
ЖМК: Антонина Шевченко америкалык мушкер менен беттешмей болду
UFC мушкери атаандашын 15 секундада жаткыра чапты. Видео