Калдаңдаган учак шамалдан улам коно албай койду. Лондондон тартылган видео

1781
Лондондун аймагында жайгашкан Хитроу аба майданына British Airways компаниясынын учагы шамалдын кесепетинен коно албай койду.

Окуянын кандай болгону Youtube каналына жайгаштырылган.

Кадрдан учакты пилоттор дээрлик кондуруп, дөңгөлөгү жерге тиер-тийбес болуп калганда, катуу шамалдан улам кайра абага көтөрүлүүгө туура келгенин көрүүгө болот.

Улуу Британияга келген Эрик ураганы элди убара кылган учурлар арбын болду. Синоптиктердин айтканына караганда, айрым аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 31 метрге жетти. Түндүк Ирландия менен Шотландиянын батыш тарабында кооптуулуктун жогору экендиги эскертилип, ага даярдыктар көрүлдү.

1781
Белгилер:
шамал, учак, Лондон, Ирландия, Шотландия