"Коопсуз шаар" тууралуу суроолорго жооп. Мониторинг борборунан видео

735
Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев барган ЖКККББнын мониторинг борборунан түз алып берүүнү сунуштайбыз.

Борбордун жетекчиси Гүлмира Баратованын айтымында, бир сутка ичинде Кыргызстанда жол эрежелери бузулган 761 учур катталды.

Буга чейин социалдык тармактарда камера айып пулдун көлөмү 9,5 миллион сомго жеткен эреже бузууларды көрсөтүп турган сүрөт тараган.

Баратованын айтымында, айдоочулар жол белгилерге көңүл бурбаган учурлар көп катталган (565 учур). Эң азы — каршы тилкеге чыгып кетүүлөр болду (2 учур). Стоп-линиядан 62 унаа өтүп кетти.

"Бул эреже бузуулар дароо азая түшкөнүнөн кабар берет. Азырынча 878 миң сомдук айыпка барабар эреже бузуулар болду. Протоколдор иштелип чыккандан кийин бардыгы ачык болот", — деди Баратова.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоору 12-февралда иштей баштады. Камералар Бишкектин 10 кесилишине коюлган.

735
Белгилер:
видео, айып, Коопсуз шаар, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте жолдогу тыгындын канчалык экенин көрсөтө турган билборддор пайда болду
Камералар бир күндө 9,5 млн. сомдук айыпты каттадыбы? ЖКККББ жообу