Дыйкандар куурап жатат! Айыл чарба министрлигин сындаган фермердин видеосу

400
Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн тегерек стол учурунда фермер Манас Саматов Айыл чарба министрлигинин ишин кескин сынга алды. Ал депутаттык мандаттар сатыларын, кийин "бизнес партиялар" келип министрлик орундарды сатып аларын белгиледи. Ошонун айынан айыл чарбаны түшүнгөн адис келбей, дыйкандар куурап жатканына токтолду.

"Учурда Айыл чарба министрлиги, Экономика министрлиги жана башка мамлекеттик органдар эмне иш кылып жатканын өздөрү түшүнбөйт. Канча убакыт өтсө да Айыл чарба министрлиги ошол эле бойдон турат. Аны жоюп салып, кайра ушундай ат менен жаңысын түзүп заманбап кадрларды тартыш керек. Экономика министрлигинен келген жигит сандарды жакшы айтат экен. Бирок өзү эмнени айтып жатканын түшүнбөйт. Соода-логистикалык борборлору иштебей бош турат", — деди Саматов.

Буга жооп катары министрликтин Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүшү бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумаев "негизсиз сындап жатасыз" деп, жеке ойлорун этияттап айтууга чакырды. Кимдин коррупционер экенин сот аныктай турганын белгиледи.

Ушул эле министрликтин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Анаркүл Беккулиева да фермердин айткандарына макул эместигин айтты.

"Айыл чарба министрлигинин жети соода-логистикалык борбору бош турат деген - негизсиз айтылган сөз. Ал өзүнүн сыйымдуулугуна жараша иш алып барууда. Мисалы, Сокулуктагы соода-логистикалык борбордо сакталган продукциянын 90 пайызы Москвага экспорттолот. Жетекчилер коррупцияга аралашкан деп эч далили жок туруп дооматтарды айтканы туура эмес деп ойлойм", — деди Беккулиева.

Белгилей кетсек, былтыр жазда Айыл чарба министрлиги дыйкандарга картошка эгүүнү сунуштаган. Бирок күздө картошкага болгон баа кескин төмөндөп өзүн актаган эмес. Өз кезегинде министрлик баа жогорулай турганын кабарлаган. Бирок иш жүзүндө андай болбой уламдан-улам арзандап, килограммы 3-5 сомго чейин түштү. Мунун кесепетинен дыйкандар банкрот болуп отурат.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Айыл чарба министрлигинин чабалдыгынан дыйкандар жакырланууда. 2019-жылы эмне эгүү керек?" деген аталышта тегерек стол өттү.

400
Белгилер:
тегерек стол, сын, Картошка, Манас Саматов, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Тема боюнча
Министрлик: фермерлер киреше алып келчү гана эгиндерди экпеши керек
Ойго да келбейт! Кыргызстанда картошканын баасы кандай өзгөрдү

Бир айдан бери түтөп жатат! Бишкекте карьердеги өрт кантип өчүрүлүүдө. Видео

106
Дээрлик бир айдан бери калаанын түштүк тарабындагы быкшыган карьер өчүрүлбөй жатат. Күйүктүн жыты шаардын түштүк тарабын каптоодо. Sputnik Кыргызстандын кабарчылары жерине барып, шаар бийлиги көйгөйдү кантип чечип жатканын көрүп келди.

Бул көйгөйдү биринчилерден болуп шаар тургундары айтып чыкты. Алардын бири Михаил Дудиндин билдиргенине караганда, сасык жыттан улам айнекти ачып уктоого мүмкүн болбой калган.

"Түн ортосунда киши чыдагыс жыттан улам ойгондум. Ошондон кийин бир нече күн айнектерди ачкан жокпуз. Өрт өчүрүүчүлөр келип, суу чачып кетишет. Бирок бир нече саттан кийин таштанды кайра күйө баштайт", — деди Бишкек тургуну.

Баса, карьер көптөн бери иштетилбей калган. 1990-жылдардын аягында бул жерден топурак алышчу. Кийин, шаардыктардын айтымында, карьерге кайрадан топурак төгүлчү, ал эми өткөн жылдын жайынан бери таштанды ыргытылып жатат. 2020-жылдын жазынан тарта таштандыларды тобу менен алып келип төгө башташкан.

Караңгыдагы алоолонгон жалын. Бишкектеги өрттүн асмандан тартылган видеосу

Отту өчүрүү үчүн кескин чаралар көрүлө баштаганын Октябрь районунун акиминин орун басары Таалайбек Акматбаев айтат.

"Азыр жеринде бульдозер иштеп, таштандыларды көтөрүп жатат. Биз анын алдындагы оттун тутанган жерин табышыбыз керек", — деди ал.

Орун басардын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары таштанды ыргыткан адамдарга бир нече жолу айып пул салышкан. Бирок шаардыктар көнгөн адатын токтотушкан эмес.

106
Белгилер:
өрт, таштанды, карьера, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин 11-кичи районундагы быкшыган түтүн токтой элек. Видео

"Данияр, сен чынчыл адам экенсиң". Лукашенко менен Үсөновдун жолуккан видеосу

5044
(жаңыланган 13:38 12.08.2020)
10-августта Беларусь президенти Александр Лукашенко агро өнөр жай комплексинин долбоору менен таанышты. Долбоор тууралуу ага Даниил Урицкий айтып берген. Жолугушууга Кыргызстандын ТИМи реакция кылды.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск облусуна барып, жогорку технологиялык агро өнөр жай толук циклдүү өндүрүшүнүн инвестициялык долбоору менен таанышты. Аны Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов азыр өзүн ушинтип атап жүрөт) жетектеген "Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорация" жабык акционердик коому ишке ашырууда. Бул боюнча СТВ сюжет даярдаган.

Долбоор тууралуу айтып берип жаткан Урицкий алардын баасы дүйнөлүк нарктан жогору экенин айтып, "биздин дыйкандын эмгеги татыктуу бааланышы керек" деген.

Данияр Үсөнов менен Лукашенконун сүрөтү. Бишкекте ТИМ Беларусь элчисин чакыртты

Андан соң Лукашенко колун Урицкийдин ийинине коюп: "Саясат бул жерде, Данияр, бирөө гана болушу керек, ал адамдар. Мен сенин принципиалдуу, чынчыл адам экениңди, белорустарды таарынтпай турарыңды көрүп турам, анткени алар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга окшош", - деп айтканын көрүүгө болот.

Бул жолугушуунун сүрөттөрү 10-августта эле тарап, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусь Республикасынын элчилигинин өкүлүн чакырган. Анда кыргыз тарап КРдин мурунку премьер-министри, соттолуп издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун ээн-эркин жүрүшү боюнча түшүндүрмө талап кылган. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү

Курманбек Бакиевдин тушундагы акыркы өкмөт башчы кызматынан Апрель революциясынан кийин кол жууган. Үсөнөвдун өкмөтү болгону 3,5 ай иштеди. Ал апрель окуясы боюнча сыртынан соттолуп, учурда Даниил Урицкий болуп Беларуста жашайт.

5044
Белгилер:
жолугушуу, Сүрөт, Тышкы иштер министрлиги, Александр Лукашенко, Даниил Урицкий, Данияр Үсөнов
Тема боюнча
Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт
Башын кармаган аял. Архивдик сүрөт

Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды

0
(жаңыланган 08:47 13.08.2020)
Вирус борбордук нерв системасына доо кетиргенде адам жыт менен даамды билбей калары айтылат. Кээде оорунун мээге таасиринен улам адам инсультка кабылат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жаңы коронавирус дем алуу жолдорун гана эмес, мээ менен борбордук нерв системасын да жабыркатат. Бул тууралуу педиатрлар союзунун президенти Лейла Намазова-Баранова айтып бергенин РИА Новости жазды.

"Жадагалса COVID менен жеңил түрдө ооруган кишинин да мээсинин түзүлүшүндө өзгөрүү болот. Буга адамдын жыт менен даамдын сезбей калышы айкын мисал. Демек, борбордук нерв системасына доо кеткен болот", — деген дарыгер.

Дарыгердин айтымында, мындай өзгөрүүгө вирус кандайча шыкакчы болорун так айтуу кыйын. Ошондой эле адамдын каны өтө коюуланып, кычкылтек жетпей калган маалда мээге катуу күч келип, ишемиялык же геморрагиялык инсульт болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Коронавирустун мурда кездешпеген жаңы белгиси табылды. Чикагодогу окуя

Макалада айтылгандай, буга чейин неврология жаатындагы АКШлык окумуштуулар анализ жүргүзүшкөн. Натыйжада катышуучулардын жарымында неврологиялык симптомдор болгон. Тагыраагы, башы ооруп, айланып, эске тутуусу начарлап, оюн топтой албай, калтырак басып, жыт-даам сезбей калышкан.

0
Белгилер:
оору, симптом, жыт, нерв, мээ, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID кандай учурда адамдын жанын алары аныкталды