Чачына өрт жабышканына карабай ырдап... Гитарачынын видеосу

Жазылуу
Detroit Rock City чыгармасын аткарып жатканда музыканттын аркасында фейерверк күйгөн да, жалын анын далысына чейин жеткен чачына жармашкан.

Интернетте чачы-башына өрт жабышканына карабай гитарада ойноп, ырдаганын токтотпогон музыканттын кадамы катуу талкууланууда. Америкалык Hairball кавер-топтун гитарачысы жана вокалчысы Бобби Женсен бул мүнөзү менен көптөрдү таңгалдырды.

Видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Springfield News Sun жаңылыктар порталынын маалыматына караганда, окуя Су-Сити шаарында музыкалык топ берген концерт учурунда болгон.

Я не отбеливал кожу — впервые опубликовано видео допроса Майкла Джексона - Sputnik Кыргызстан
Майкл Жексондун педофилия боюнча суракка алынган видеосу жарыяланды
Detroit Rock City чыгармасын аткарып жатканда музыканттын аркасында фейерверк күйгөн да, жалын анын далысына чейин жеткен чачына жармашкан.

Өрттү көргөн бир нече сахналаштары чуркап келип, дароо өчүрүп жиберишкен. Ал секундаларда ырчы эч нерсе болбогондой гитарада ойноп, ырдаганын токтоткон эмес.

Видео бир нече күндө эл арасына желдей тарап, катуу талкуу да жараткан. Интернет колдонуучулар же ырчыда, же чачында мандем бар, ал жасалма болушу мүмкүн деген пикирди жазышкан.

Hairball тобу ири рок-музыканттардын ырларына экинчи өмүр берип, аткарып келгендиги менен белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0