Британиялык экс-министрдин карындашы түз эфирде чечинип салды. Видео

Жазылуу
Рейчел Жонсон Улуу Британиянын Европа биримдигинен чыгуусу тууралуу талкуу болуп жаткан маалда кофтасын чечип, үстү жылаңач калды.

Улуу Британиянын мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсондун карындашы, журналист Рэйчел Жонсон бул кадамга өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуусуна каршылык билдирип барганын билдирди.

Чемпионата мира по футболу 2002 года - Sputnik Кыргызстан
Оюн тып токтоду. Футбол талаасына чуркап чыккан жылаңач аялдын видеосу
Журналист Sky News телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып, бул маселе боюнча оюңду бийликке жеткирүү абдан татаал экенин айтып, андан соң үстүндөгү кофтасын чечти. Талкуунун катышуучулары алгач таң кала карап калып, бир аздан соң күлө баштады.

Эске салсак, 2011-жылы экономикалык кризиске учураган британиялыктар ЕБнын мүчөлүгүнөн чыгууну талап кылышкан.

2016-жылдын июнь айында өлкөдө биримдиктен чыгып кетүү боюнча элдик референдум болгон. Чыгууга макул болгондор 51,8 пайызды түзсө, 48,2 пайыз эл каршылыгын билдирген. Ушундан кийин премьер-министр Дэвид Кэмерон өз эрки менен кызматтан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0