Бишкекте жол инспектору кесиптешин айыпка жыкты. Видео

Жазылуу
ЖКККБ экипажы Киев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөп жатышкан.

YouTube тармагында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери өз кесиптешине жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып салган видео тарады.

Старший инспектор пресс-службы ГУПМ МВД КР Медербек Шабданов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шабданов: унаа номерин аныкталгыс кылып алган айдоочулар кармалат
Кадрларда көрүнүп тургандай, активист Киев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа токтотуу эрежелерин бузуп токтоп турган инспекторго барып, анын катачылыгын айтат. Андан соң видеонун автору экипаждын улук инспекторуна кайрылып, өз кесиптешине протокол түзүүсүн суранат.

Жыйынтыгында жол милициясы автокөлүктү туура эмес токтоткон кесиптешине айып пул салып, эми ал 1000 сом төлөмөй болду. Унаа дагы жол эрежелерине ылайык туура жерге токтотулду.

Эске салсак, дал ушундай окуя былтыр Ысык-Көл облусунда болгон. Анда Тору-Айгыр айылында милиция кызматтык унаасын туура эмес жерге токтоткону үчүн инспектор кесиптешине айып салып, жарандын талабы менен протокол түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0