Жүрөк түшөт! 16 кабат үйдүн үстүндөгү таякка оролуп бийлеген кыздын видеосу

1284
(жаңыланган 20:35 19.02.2019)
Интернетте 16 кабаттын үстүнө орнотулган темир таякка оролуп алып бийлеген видео катуу талкууга алынды. "Каармандын" аты-жөнүн тактай келгенде Воронеж шаарынын 27 жаштагы тургуну Марина Корженевская экени белгилүү болду.

Видео анын күйөөсү Богдан Корженевскийдин YouTube каналына жайгаштырылган.

Корженевская кийинчерээк журналисттерге бул кооптуу жана коркунучтуу долбоорлордун бири болгондугун моюндаган.

Маалыматта 80 метрлик бийиктикте атайын таяк орнотулганы, видеону квадрокоптердин жана эки GoPro камералары менен тартылгандыгы айтылат.

Комменатарийлерде анын коркпогондугуна баа беришсе, бир катарлары бул барып турган акылсыздык экенин жазышкан.

1284
Белгилер:
бий, коркунучтар, бийиктик, Воронеж, Россия
Тема боюнча
Кылмышкерлерге каршы чыгып... Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 6 факты
Казакстандык каскадер Хэллоуин кечесинде мумияны туурайм деп көз жумду