Бишкекте бусик жөө аялды учура сүздү. Үрөй учурган видео

Жазылуу
Бишкекте катуу ылдамдыкта бараткан микроавтобус жөө адамдар өтө турчу чийинден аялды учура сүздү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, кырсык Жибек Жолу проспектиси менен Ала-Арча көчөсүнүн кесилишинде бүгүн, 18-февралда, саат 17.10дор чамасында болгон.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсыктан 19 жаштагы кыз жабыркаган. Ал оор абалда ооруканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0