Камерага Lexus унаасынын каза болгон ээсинин кырсыктаган учуру түшүп калган

Жазылуу
Ак жолтандабастын бурула бергенде сол жагына капталдап барып, кырсыктаган учурунун видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман салып жиберген.

Кадрдан автоунаанын жол четине чыгып кетип, бир нерсени сүзгөнүн бүдөмүк көрүүгө болот.

Бул окуя 17-февраль күнү болжол менен эртең мененки саат сегиздер чамасында болгон. Борбор калаанын Интергельпо көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинин кесилишинде Lexus түркүктү сүзүп, айдоочусу каза тапкан.

Куткаруучулар салонго кыпчылып калган айдоочуну чыгарышкан. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалыматына караганда, ал 34 жаштагы А.Т. аттуу жаран экени маалым болгон. Унаанын ичинде болгон 39 жаштагы А.М. аттуу аял оор жаракат алып ооруканага жаткырылган.

Бишкекте бусик жөө аялды учура сүздү. Үрөй учурган видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте бусик жөө аялды учура сүздү. Үрөй учурган видео
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар кийинчерээк каза болгон адам Арсланбек Тойдиев деген киши экендигин айтышкан. Анын айланасында өткөн жылы чыр чыккан. Тагыраагы, telegra.ph сайтына Тойдиевдин атынан делген кат жарыяланган. Анда эгер ал капыстан же кыйноо жолу менен өлтүрүлсө, күнөөкөрлөрдү Ички иштер министрлигиндеги жетекчилик кызматта тургандардын арасынан издөө керектиги жазылган. Ошондой эле министрдин орун басары Данияр Абдыкаров менен анын кол алдындагылар Тойдиевдин өлүмүнө кызыкдар болуп жатканы белгиленген.

Мындан сырткары, катта министрликтин жетекчилик кызматтагы адамдары, анын ичинде Абдыкаров Россиядан уурдалган унаалардын кара базарын уюштурганы айтылган. Катта белгиленгендей, унаалар Казакстан менен Кыргызстан аркылуу Тажикстанга жөнөтүлүп, ал жактан баңгизатына алмаштырылган делет. Ал эми баңгизат кайра Россияга жөнөтүлүп турганы кошумчаланган. Белгилей кетчү жагдай, мурдараак укук коргоочулар ушундай кылмышка шектелгендер кармалганын жар салган.

Ички иштер министрлиги Тойдиев жарыялады делген маалыматты болбогон нерсе катары сыпаттап, мындай материалдар ички иштер органдарынын беделине шек келтирүү максатында жасаларын белгилешти.

Ошондой эле укук коргоочулар 23-январь күнү ИИМди айыптаган материал чыккандан кийин Арсланбек Тойдиев өзү байланышка чыгып, мындай нерсе жазбаганын билдиргенин маалымдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0