Тишин аттиш менен жулуп, буту-колун темир менен сындырган. Кочкордогу окуя

Жазылуу
Окуя 2015-жылы декабрь айында болгон. Анда белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду мүрзөнүн жанына алып барып, эс-учун жоготкуча сабап, колу-бутун сындырышкан.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери кишини уурдап, мыкаачылык менен сабады деп топтун эл аралык издөөдө жүргөн мүчөсүн кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2015-жылы декабрда Кочкор районундагы айылдардын биринде белгисиз бейбаштардын тобу 36 жаштагы жергиликтүү тургунду сабашкан.

"Алар жабырлануучуну үйүнөн чакырып чыгып, мылтык менен коркутуп машинага отургузуп, эл жок жакка алып кетишкен. Айылдын четиндеги мүрзөгө алып барып, мыкаачылык менен сабашкан. Алар кишини темир союл менен чаап, буту-колун сындырып, аттиш менен тишин жулушкан. Жабыркаган киши аймактык ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам тергөө амалдары учурунда окуяга катыштыгы бар делип эки киши кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган. Кылмыш иши ошол эле жылы ИИМдин тергөө кызматы тарабынан өндүрүшкө алынган.

Следственный изолятор № 2 Бутырская тюрьма - Sputnik Кыргызстан
Сөөгү Караколдун мал базарынан табылган окуучу. Беш бала камакка алынды
Колго түшкөн жарандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин "Сүйлөшүп алып киши уурдоо, түрдүү заттарды колдонуу менен зомбулук кылуу" жана "Саламаттыкка атайылап залал келтирүү" беренеси боюнча айыптары угузулуп, соттолгон.

Ошол маалда шектүүлөрдүн бири Чүй облусунун Токмок шаарынын 1989-жылы туулган тургуну из жашырып, издөөгө алынган. 2016-жылдын апрелинен тарта эл аралык издөө салынган. Ал да уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.

2019-жылдын 16-февралында атайын иш-чаранын жүрүшүндө кармалган. Учурда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Баштапкы тергөө амалдары жүрүүдө. Шектүүнүн башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы бар-жогу иликтенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0