Тура калып салгылашкан эчкемерлер. Бүйүр кызыткан видео

473
Салмагы 80 килограммга жеткен эчкемерлер арткы буттарына тура калып күрөшө башташкан. Ага туристтер күбө болгону айтылууда.

Сойлоп жүрүүчүлөрдүн салгылашуусун Индонезиядагы зоопарктын кызматкери Абуакам Аппилио тартып алганын Daily Mail жазды.

Эки эчкемер арткы буттарына туруп алып күрөшкөн. Интернет колдонуучулар жаныбарларды адамдар менен салыштырышууда. Бүйүр кызыткан көрүнүшкө туристтер күбө болгон.

Кескелдириктин ар биринин узундугу эки метрге жетет.

473
Белгилер:
жаныбарлар, видео, Индонезия
Тема боюнча
Путинди ташыган лимузиндин ички көрүнүшү. Видео

Крымдан улам НАТО Россия армиясына тыюу салууга кыялданып келет

134
Йенс Столтенберг НАТО Россиянын кадамдарына карап, ага жооп иретинде Кара деңизге көбүрөөк күчүн жайгаштыра тургандыгын айтты. Бирок Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы аскердик блоктун күчтөрү Россиянын чек арасында эмне кылып жүргөндүгүн түшүндүргөн жок.

Андан сырткары, Россия эмне үчүн өзүнүн аймагын НАТО тараптан улам арбыган коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргобошу керек дегенге да жооп бере алган жок.

Акыркы учурда альянс тараптан Россия чек арасына жакын аймактарда көбөйүп кеткен агрессиялык аракеттер арбыгандыктан, Россия өзүнүн коопсуздугун камсыздаганга аргасыз.

134
Белгилер:
чагымчыл, чек ара, Крым, НАТО, Россия, АКШ
Тема боюнча
НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?
Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды

Россиянын чемпионатында балбандар мушташа кетти. Видео

411
(жаңыланган 10:50 04.12.2020)
Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Күрөш башталбай жатып бокска айланган.

Россиянын Смоленск шаарында эркин күрөш боюнча өткөн жаштар арасында өлкө чемпионатында Осетия менен Ингушетиянын балбандары мушташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Осетия жазды.

Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Алардын кармашы башталбай жатып бокска айланган.

Мушташкандарды машыктыруучулар, аренанын кызматкерлери жана атайын даярдыктагы милиция токтотуп калган. Спорттук эрежелерди сактабаган эки балбан тең мелдештен четтетилген.

Кийинчерээк алар элдешип, социалдык тармактарга чогуу түшкөн сүрөттөрүн чыгарышканын Р-Спорт жазды.

411
Белгилер:
мушташ, балбан, Ингушетия, Россия, эркин күрөш
Тема боюнча
Казак футболчусу Улуттар лигасында оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Видео
Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео
Тапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт

Мурда милиционерди өлтүргөн кылмышкер эки адамды атууга шектелип кармалды

0
(жаңыланган 11:56 05.12.2020)
Кармалган жаран буга чейин милиция кызматкерин өлтүргөнү үчүн соттолуп абакта 11 жыл отуруп, былтыр эркиндикке чыккан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында милицияга чакыруу түшүп, Ново-Николаевка айылындагы кафеде 22 жаштагы жигитти белгисиз жаран атып кеткени белгилүү болгон. Ал аймактык ооруканага жаткырылган. 

В Жайыльском районе по подозрению в хулиганстве задержан член ОПГ, ранее судимый за убийство милиционера
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Андан башка дагы бир 22 жаштагы жаран ошол эле кафеде ок жегенин айтып милицияга арыз жазган.

Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен КЖБРге катталган.

"Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү кылмышкердин изине түшүп жакынкы имараттардагы бардык видеобайкоолорду карап, күбөлөрдү суракка алган. Натыйжада шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 34 жаштагы Б.М. аттуу жаран экени аныкталды. Андан соң ал кармалып Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын билдиришинче, кармалган жаран 2008-жылы Жайыл райондук милициянын кызматкери Эркин Жолдошбек уулун өлтүрүп, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал абактан 2019-жылы чыгып, кайра кылмышка барганы белгиленет.

Азыркы тапта тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

0
Белгилер:
милиция, уюшкан кылмыштуу топ, кармоо, шектүү, Жайыл району
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Качып кетип Москвадан кармалган кыргызстандыктар. Сүрөт
Ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон. УКМК шектүүлөрдү кармады