Коррупционерди атыш керек дешти. Аткаминерлер менен элдин "акыйнеги". Видео

Жазылуу
Кандай адам коррупциялык иштерди жасабайт деп ойлойсуз? Жемкорлор менен кантип күрөшсө болот? Бул суроолорго бирөө Ак үйдө, экинчиси көчөдө туруп жооп берди.

Атыш керек, Не деген шумдук. Депутаттар педофилдерге жеңилдетилген жаза боюнча - Sputnik Кыргызстан
"Атыш керек", "Не деген шумдук". Депутаттар педофилдерге жеңилдетилген жаза боюнча
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү биринчи планга коюп, жемкордукка баргандарды аёосуз жазалоону тынбай айтып келет. Бул багытта бир топ иш пландар бекитилип, көмүскө иштерге бөгөт коюу аракеттери жүрүп жатат.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бийлик өкүлдөрүнө жана карапайым элге өлкөдөгү коррупциядан кантип арылса болот деп суроо салды.

Сурамжылоого Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана борбор калаанын тургундары катышты. Эң биринчи адамдын дээри таза болсо, ач көздүк кылбай адал иштесе, коррупция өзүнөн-өзү жоголорун айтышты. Ал эми жемкордукка баргандарды атууга кетирип, бүт мал-мүлкүн мамлекетке өткөрүп салса башкалар сестенип андай ишке барбайт дешет. Айрымдары баш-аягы көрүнбөгөн коррупциядан арылуу такыр эле мүмкүн эмес деп эсептейт. "Бийликтегилер казынага кол салып, жең ичинен сүйлөшүп жатса, анан кайдан..." дегендер да болду.

Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев коррупциялык иштерге бөгөт коюунун жолу катары бүт органдары санариптештирип, жасаган иштерин сайтына ачык-айкын жарыялап туруу керектигин айтты. Вице-спикер Аида Касымалиева болсо Сот системасын жөнгө салууга токтолуп, акчалуулар менен бийлиги барлар жазадан жеңил чыгып кетип жатканына токтолду.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 3-июлунда Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн алкагында түшкөн акча каражаты үчүн атайын эсеп ачылган. Каржы министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күндө, тагыраак айтканда, жети айда жемкорлордон өндүрүлгөн акчанын суммасы 1 миллиард 52 миллион 665 миң сомго жетти.

Ар бир орган төмөндөгүдөй каражат өндүргөн:

  • Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) — 497 миллион 916,1 миң сом;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети — 194 миллион 905,5 миң сом;
  • Башкы прокуратура — 357 миллион 657,7 миң сом;
  • Ички иштер министрлиги — 2 миллион 185,6 миң сом.

Президент Сооронбай Жээнбеков түшкөн акча Бишкек менен Чүй облусундагы мектептерди оңдоп, курууга жумшаларын айткан.

Баса, эгер органдарга коррупция тууралуу кабарласаңыз сый акы берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0