Бишкекте 6-кабаттан секирген кызды милиционерлер тосуп алды. Видео

Жазылуу
Милиция кызматкерлери алтынчы кабаттан секирген кызды килем жайып тосуп алды.

Бишкекте милиция кызматкерлери терезеден секирип кеткен кызды тосуп алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Окуя бүгүн, 20-февралда, "Тунгуч" кичирайонунда болгон. Милицияга алтынчы кабаттан секирүүгө камынып жаткан кыз боюнча маалымат саат 14.20да түшкөн.

"ӨКМдин кызматкерлери эшикти ачып киришкен. Бирок кыз эпке келбей секирип кеткен. Аны жерде килем жайып турган милиционерлер тосуп алды", — деп айтылат маалыматта.

Өспүрүм кыз май айында 18 жашка толот. Укук коргоо органдары суицид жасоо аракетинин себебин тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0