Нурмагомедов UFC уюмунун экс-чемпиону Сен-Пьерди беттешүүгө чакырды. Видео

Жазылуу
Сен-Пьер - UFC уюмунун орто жана жарым орто салмак категориясы боюнча мурдагы чемпиону. ММА боюнча 26 беттешти утуп, үч ирет жеңилген.

Россиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов канадалык Жорж Сен-Пьерди азырынча карьерасын жыйынтыктабай туруп, өзү менен беттешүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости агенттиги жазды.

Буга чейин ЖМКлар 37 жаштагы Сен-Пьер карьерасын жыйынтыктайт деп жазышкан. Ага Нурмагомедов менен мелдеш өткөрүүгө макулдук ала албай калганы себеп болгон.

"Кел, ноябрда беттешели. Андан кийин карьераңды жыйынтыктай берсең болот. Мен сенин кармаштарыңды көрүп чоңойдум, сыйдан башка эч нерсем жок. Бул нерсени сага Москвада жүргөндө көрсөтө алдым деп ойлойм. Бирок замандын бирден-бир мыкты мушкери менен беттешүү мен үчүн сыймык. Сен 155 же 160 фунтту (70 жана андан өйдө салмак), ал эми шаарлардан Монреаль, Нью-Йорк, Москва же Абу-Дабини тандасаң болот", — деп жазган Нурмагомедов Instagram баракчасына.

Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону. ММА боюнча 27 беттешти уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0