Бишкекте үч унаа кагышып, бири арыкка кирип кетти. Видео

Жазылуу
Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылган эмес.

Кырсык болгон жерде тартылган видеону күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына жиберди.

Анын айтымында, кагышуу Токомбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 23-февраль күнү саат 16.30дар чамасында болду.

"Үч автоунаа кагышты, бактыга жараша, машинанын ичиндегилер аман калды. Бирок арасында жеңил жаракат алгандар болушу мүмкүн", — деди күбө.

Сотрудник милиции Бейшембай Боронбай уулу погиб в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Көлдө эки милиционер бүлөсү менен кырсыктап, 4 жашар кызы жана атасы мүрт кетти
Кадрда көрүнүп тургандай, катуу соккудан улам автолордун бири арыкка кирип кеткен.

Жол кырсыгы тууралуу расмий маалымат алуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Маалыматка караганда, кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылган эмес.

Передать информацию о событиях, происшествиях и новостях можно на наш WhatsApp или Telegram по номеру +996 706 566 544.
Жаңылыктар түрмөгү
0