Бишкекте жеңил унаа жөө адамды учура сүзгөн видео

Жазылуу
Кырсык бүгүн, 24-февралда, Ахунбаев көчөсүндө болгон.

Бишкекте Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа жөө адамдар өтө турган чийинден кишини учура сүзгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, кырсык бүгүн, 24-февралда, Ахунбаев көчөсүнүн Бакаев жана Тыналиев менен кесилишкен бөлүгүндө саат 17.20лар чамасында болгон.

"Жабыркаган кишини айдоочу унаасына салып алып кетти", — деди күбө.

Милиция аталган даректе кырсык болгонун ырастады. Учурда жабырлануучу менен айдоочу изделүүдө. Ал эми Тез жардам кызматына чакыруу түшкөн эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0