Бишкекте Lexus жөө адамды коюп кетти. Кырсык болгон учур видеого түшүп калган

Жазылуу
Күбөнүн айтымында, жабырлануучу бутунан жаракат алды.

Уголовное ответственность на нарушение ПДД - Sputnik Кыргызстан
Чүйдүн Беловодское айылында кишини коюп качып кеткен айдоочу кармалды
Бишкекте Lexus GS 300 үлгүсүндөгү автоунаа жөө адамдар өтчү жол чийинде бара жаткан жаранды койдуруп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирип, кырсыктын видеосун редакциянын WhatsApp каналына жиберди.

Кадрларда көрүнүп тургандай, баштык көтөргөн эркек киши жол чийинден өтүп бара жатканда, аны жеңил унаа сүзөт. Күбөнүн айтымында, ал бутунан жаракат алды. Айдоочу жабырлануучуну "ооруканага алып барам" деп унаасына салып кеткен.

Жол кырсыгы 24-февраль күнү саат 21.00дө Чүй проспектисинде жайгашкан Свердлов райондук администрациясынын жанында болгон.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0